Биз менен байланышыңыз

Артем Новиков ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 449 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков видеоконференциялык байланыш режиминде Евразиялык Экономикалык Комиссиянын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараттынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңештин мүчөлөрү отурумду ачып жатып, Артём Новиковду Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына дайындалышы жана муну менен бирге ЕЭК кеңешинин мүчөсүнүн милдеттерине киришүүсү менен куттукташты.

Отурумда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ички базарындагы тоскоолдуктарды четтетүү, административдик укук бузган кыргыз жүк ташуучуларынын «кара тизмеге» киришине байланыштуу кырдаалды, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында мамлекеттик сатып алууларынын бирдиктүү рыногун жөнгө салуу сыяктуу 30дан ашык маселе талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жана Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин отурумуна чейин бардык маселелер боюнча талкуулоо отурумдарын өткөрүү графигин тездетүүнү макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM