Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Жапаровду камайм» деген — жалган маалымат

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 688 | 0

Камчыбек Ташиевдин Садыр Жапаровду камоо боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан пикири жалган, фейк маалымат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз борбору билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин «Фейсбуктагы» баракчасына окшош аккаунттан «Садыр Жапаров оюн улам өзгөртүп турат, эгер коррупционерлерди кызматка коё берсе, аны жеке өзүм камайм» деген билдирүү тараган. Аккаунт Ташиевдин баракчасындагы сүрөт менен жасалгандыктан, айрымдар аны өзүнүн пикири катары кабыл алып, бөлүшүп жиберишкен.

УКМКнын басма сөз борбору мындай чагымчыл посттордун артында мурдагы бийликтин өкүлдөрү турушу мүмкүн экенин эскертип, калкты жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Ошондой эле ак жерден каралаган адамдардын жоопкерчилиги мыйзамда каралганын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM