Биз менен байланышыңыз

Артем Новиков Салык кызматынын жыйынына катышты

Кыска кабар | 31 Окт 2020 | 420 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Мамлекеттик салык кызматынын 2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында салык кызматы «жазалоочу орган» катары эмес, калк үчүн, бизнес үчүн тейлөө көрсөтүү милдетин аткарышы керектиги, салык кызматын толук кандуу реформалоо, ашыкча текшерүүлөрдү кыскартуу, айрыкча бизнести ашыкча кысымга алууну токтотуу, «Смарт Салым» долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр менен болгон байланышты электрондук форматка тез арада өткөрүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланып, өкмөттүн атынан салыктык текшерүү жана аппеляциялык арыздарды кароо милдетин аутсорсингге өткөрүп берүү, салыктык талаштар үчүн бейтарап сотторду түзүү сунушталды.

Ошондой эле, Артем Новиков салык кызматына салыктык түшүүлөр жана камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча пландык көрсөткүчтөрдү аткарууну толук көлөмдө ишке ашыруу, колдогу резервдерди аныктоо жана коррупцияны кыскартуу, эки жумалык мөөнөттө тийиштүү иш-аракеттер планын киргизүү тапшырмасын койду.

Биринчи вице-премер-министр белгилегендей, мамлекеттин учурдагы бардык чыгымдарын жабуу салыктык кирешелердин эсебинен ишке ашырылуусу тийиш. Ал эми тышкы жардамдар өлкө экономикасын өнүктүрүгө багытталышы абзел. Аталган милдет, биринчи кезекте салык кызматына жүктөлөт. Салыктарды башкаруунун эски ыкмалары натыйжасыз гана болбостон, ишкерлик чөйрөсүн өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM