Биз менен байланышыңыз

Монголия Азия-Тынч океан соода келишимине кошулду

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2020 | 583 | 0

Монголия мамлекети Азия-Тынч океан аймактык соода келишимине кошулгандыгына байланыштуу, Түштүк Корея менен Монголиянын ортосунда айрым товарларга бажы салыгын төмөндөтүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Каржы министрлиги билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Келишимге ылайык, Түштүк Корея 2 797 товардын баасын орто эсеп менен 33,4 пайызга төмөндөтсө, Монголия 366 товарга болгон бааларды орто эсеп менен 24,2 пайызга төмөндөтөт.

Монголиянын аталган келишимге кошулушу эки өлкөнүн соода байланышын кеңейтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө. Учурда Монголиянын Япония менен гана эки тараптуу эркин соода келишими бар.

1975-жылы түзүлгөн Азия-Тынч океан аймактык соода келишиминин курамында Түштүк Корея, Кытай, Лаос, Бангладеш, Шри-Ланка, Индия, Монголия өлкөлөрү бар.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM