Биз менен байланышыңыз

Туруксуздук тышкы каржылоону аксатты

Кыска кабар , Экономика | 29 Окт 2020 | 756 | 0

Дүйнөдө пандемия башталгандан бери Кыргызстандын экономикалык абалы начарлады. Мындай шартта өлкө тышкы күчтөрдөн акчалай жардам сурап, карыздарды алды. Бирок акыркы убактарда эл аралык уюмдар, каржы фонддору Кыргызстанга акча бөлүүнү убактылуу токтотконун жарыялады. Дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандан кандай кадамдарды күтүп жатат?

Финансы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн маалыматка караганда, Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү үчүн чет өлкөлөрдөн жана эл аралык фонддордон 343 млн 300 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Министрлик дагы 431 миллион доллар күтүп жатканын, келе турган каражаттын жалпы суммасы  774 миллионго божомолдонуп жатканын айтат.

Кыргызстанга келип түшкөн акчалай каражаттарды Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Европа биримдиги, Германия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк которгон. Бул акча социалдык милдеттенмелерге, саламаттык сактоо жаатына жана экономикалык багытка коротулган.

Бирок акыркы күндөрү эл аралык уюмдар акчалай каражат бөлүүнү токтотуп турарын айтышты. Алардын катарында Орусия 100 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимин токтотконун билдирген. Алар мунун себебин өлкөдөгү саясий кырдаал начар болуп жаткандыгы менен байланыштырып жатышат.

Финансы министрлиги бул маалыматтарды тастыктап, бирок каражаттарды тартуу боюнча аракеттер уланып жатканын билдирди. Министрликтин эл аралык уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси Нурбек Акжоловдун «Марал» радиосуна билдиришине караганда, күтүлүп жаткан каражаттар декабрь айында келет.

— Азыркы учурда өнөктөштөр тарабынан акча каражатын бөлүү токтотулду деген маалыматтар чыгып жатат. Токтотулду деген туура эмес, анткени, эл аралык уюмдардын акча бөлүп берүүдөгү жол-жоболоруна ылайык иш жүрүп жатат. Акча эмки жылдын башына чейин которулуп калат, — деди Нурбек Акжолов.

Ал тышкы каржылоонун кечеңдешине өлкөдөгү саясий туруксуздук себеп болуп жатканын танган жок. Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы саясий абал турукташуусун күтөт.

Бул пикирди экономика маселелери боюнча эксперт Эркин Абдыразаков да колдоду. Серепчинин айтымында, эл аралык донорлор Кыргызстан мыйзам чегине толук кайтып келмейинче, каражат бөлүп бербейт.

Бул азыркы бийликтин конституциялык нуктан чыгып кетип, эл аралык нормаларды аткарбастан, өзүм билемдик менен кетип жаткандыгына байланыштуу болууда. Орто Азиядагы белгилүү саясий эксперттер да: «Бандитизм, уюшкан кылмыштуу топтор менен бийлик биригип кетип, өз билгенин кылып, тарыхта болбогондой конституциялык нормаларды сактабай, эл аралык талаптарга баш ийбей жатат», — деп айтышат. Азыр шайлоону мыйзамда көрсөтүлгөн убакта өткөрүп, мамлекеттик бийлик бутактары конституцияда көрсөтүлгөндөй өткөрбөсө жана легитимдүү президент келмейинче эч кандай мамиле болбостугун билдирип, каржылык колдоону токтотуп койду. Бул экономикага өтө чон коркунуч алып келет», — деди Абдыразаков.

Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктарда өлкө бийлиги алмашкан соң, эл аралык коомчулук өлкө мыйзам нугунан чыгып кеткенин айтып, легитимдүү бийлик катары президенттик институт гана бар экенин кулак кагыш кылышкан. Бирок мурунку президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, анын милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткарууга киришкен.

Жапаров кызматка келгенден кийин чет өлкөлүк элчилер менен жолугушууну 28-октябрга белгилеген эле. Бирок ал күнү жолугушуу башка күнгө жылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган. Муну саясий серепчилер башка өлкөлөр кыргыз бийлигинин легитимдүүлүгүнөн күмөн санап, конкреттүү кадамдарды күтүп жатканы катары баалап жатышат.

КТРКнын мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Илим Карыпбеков башка өлкөлөр бийликтин легитимдүүлүгүн эмес, «бүгүн бир сөз айтып, эртеси андан кайтып жаткан» өлкө жетекчисинин конкреттүү бир позицияга келишин, туруктуулук орнотушун күтүп жатат деген пикирде.

 Азыркы учурда саясий кырдаалды дүйнөлүк коомчулук, эл аралык уюмдар, каржылык фонддор эмес, өзүбүзбүн элибиз да жакшы түшүнө албай, саясий процесстер эмне болуп жатканын билбей жатат. Мисалы, ошол эле кадр саясаты боюнча, кандай логика жатат, кандай максат бар? Өлкө багыты, конституция боюнча. Садыр Нургожоевич өзү дагы айтпадыбы, «мен башында туура эмес айтып алып жатам, кээ бир нерсени кийин оңдоого туура келип жатат» деп, — дейт Карыпбеков.

Ал өлкөнүн багыты аныктала элек экенин, Жапаровдун башкаруу тажрыйбасы жок экенин айтып: Менин оюмча бул кишинин азыр башкаруу  тажрыйбасы жок, ошондуктан бүт дүйнө жүзү азыркы учурда бул кишинин ар бир кадамын, ар бир сүйлөгөн сөзүн, ар бир чечимин талдап, карап турат жана ошого карап мамиле кылышат», — деп кошумчалады

Кыргызстан башка өлкөлөрдөн келген акчалай каражаттарды быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк алган. Анын себеби, өлкөдөгү экономикалык кризис жана парламенттик шайлоо болуп өткөнү менен түшүндүрүлөт.

Кыргызстанды экономикалык жана саясий кризистен чыгарууга бел байлаган жаңы өкмөт түзүлүп, 28-октябрда ант берип, ишке киришти. Өкмөт башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарга өлкөнү бул абалдан чыгарып кетүүгө ишендирип, убада берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM