Биз менен байланышыңыз

Алмаз Мамбетов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 499 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алмаз Мамбетов Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Алмаз Мамбетов 2019-жылдын апрель айынан ушул жылдын февраль айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турган.

Ал буга чейин «коопсуз шаардын» видео камераларына тартылып калган кадрларда бир канча автоунаага бир эле мамлекеттик номур тагып алып айдап жүргөндүгү айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Бирок Мамбетов өзү аны четке кагып, каралоо экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM