Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 27 Окт 2020 | 732 | 0

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, вице-премьер өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ага президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Аида Исмаилова ушул жылдын апрель айында аталган кызматка дайындалган эле. 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен ат салышып, анын жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, кызматына кайра кайткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM