Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болору айтылууда

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 1491 | 0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болору тууралуу маалымат тарады. Бул кабарды шаардык кеңештин депутаттары да тастыктады, бирок расмий маалымат бериле элек.

Бүгүн Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеткени жана Президенттин иш башкармалыгына кызматка дайындалары айтылып жаткан.

Балбак Түлөбаев 6-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бирок кайра кырдаал турукташып, жаңы өкмөт башчы дайындалганга чейин кызматтык милдетин аткара берерин билдирген.

Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2020-жылдын 27-июлунда дайындалган.

Ал ага чейин Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM