Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Бишкектин мэринин милдетин Нариман Түлеев аткарууда

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 332 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин Нариман Түлеев аткарып жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин сайтындагы маалыматта Түлеев мыйзамдуу түрдө экс-мэр Азиз Суракматов тарабынан дайындалганы айтылат.

Азиз Суракматовдун кызматтан кетүү тууралуу арызын президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда кабыл алган.

«Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамдын 24-беренесине ылайык, шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, премьер-министр мэрдин милдетин аткаруучуну дайындай алат жана ал милдет биринчи вице-мэрге жүктөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалыматына караганда, мыйзам боюнча шаардык кеңешке шайлоонун күнү 2021-жылдын апрель айына белгиленген, ага алты ай убакыт бар. Ошол учурга чейин сырттан келген дайындоо мыйзамды одоно бузгандык болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM