Биз менен байланышыңыз

31-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 1750 | 0
Сүрөт Zafer Dincer

Кыргызгидромет борбору 27-октябрдан 31-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда аталган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрда бул облустарда жаан-чачын болбойт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн, 29-октябрда түнкүсүн жаан карга айланышы ыктымал.

29-октябрда күндүз жана 30-31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

29-октябрда күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-октябрларда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

27-28-октябрда түнкүсүн бул аймактарда жаан-чачын болбойт.

28-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар жаайт, 29-октябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо нөшөрлүү жаан жаайт.

30-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар жаайт. 31-октябрда жаан-чачын болбойт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн.

30-31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-октябрда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар жаайт.

29-октябрда күндүз жана 30-31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM