Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Шайлоону жакында өткөрбөсөк, өлкө туңгуюкка кептелет

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 1017 | 0

Бүгүн, 26-октябрь Кыргызстандын юристтер бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдөгү саясий кырдаалга укуктук баа беришүүдө.

Алар карап жаткан маселелердин бири — 22-октябрда кабыл алган Жогорку Кеңештин шайлоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору.

Конституциялык укук боюнча көз карандысыз эксперт Сания Токтогазиева сөз сүйлөп, ал азыркы бийлик шайлоону жылдыруу менен өзүнүн легитимдүүлүгүнө жарака кетирип жатканын айтат.

 — Азыркы учурда бийликтин легитимдүүлүгүнүн кризиси болуп жатат. Бул кризистен чыгуунун жалгыз жолу — кайрадан шайлоо өткөрүү керек. Эгер шайлоону жылдырсак, азыркы бийликтин легитимдүүлүгү маселе жаратып, саясий абалды кайрадан туңгуюкка кептейт, — деп билдирди Токтогазиева.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун кабыл алып жатканда одоно мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, Боршайкомдун 21-октябрь күнү чыгарган парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилөө жөнүндөгү чечими азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн эң туура чечим болгонун кошумчалады.

 — Бул учурда бир гана Борбордук шайлоо комиссиясы легитимдүү, туруктуу мыйзамдуу орган болуп жатат. Азыркы саясий абалдан чыгуу үчүн БШК колунан келген аракетин кылды. Алар 21-октябрда, Жогорку Кеңеш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча 22-октябрда чечим кабыл алган, демек, БШКнын чечими мыйзамдуу болуп калат дагы, ЖКнын кабыл алган мыйзамы алардын чечимине таасир эте албайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин, 6-ноябрга чейин кайра шайлоо күнүн белгилей турганын айткан. 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеп, президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.

Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алып, кийинки жылдын биринчи жарым жылынан кечиктирилбей өтөрүн белгилеген. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу кайрылып, парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын июнь айына чейин өтпөй турганын айтты. Ал анын себебин Конституциялык реформа өткөрүү менен байланыштырды.

Copyright © 2017 Maral FM