Биз менен байланышыңыз

400гө жакын медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте төлөндү

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 335 | 0

Бүгүн, 26-октябрга карата саламаттыкты сактоо уюмдарынын 377 кызматкерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай кенемте төлөндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында кабарлады.

Мындан тышкары, каза болгон 27 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилди.

«Кызыл зонада» иштегендиги үчүн сентябрь айында 5241 медициналык кызматкер жалпы суммасы 71 млн 671 миң 429 сомду түзгөн кенемте алышты.

Учурда комиссиянын кароосуна саламаттык сактоо уюмдарынан 2 миңге жакын документ келип түшкөнүн министр кошумчалады.

COVID-19 вирусу жалпы 3588 медициналык кызматкерге жуккан, анын 3280и сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM