Кыргызстандын юристтер бирикмеси бүгүн, 26-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн легитимдүүлүгүнө, парламенттик кайра шайлоо жана ага БШКнын даярдыгына, ошондой эле Ички иштер министрлигинин Боршайкомго болгон одоно мамилесине укуктук баа беришти. Жыйынга көз карандысыз юристтер, укуктук эксперттер, коомдук уюмдар жана жарандык активисттер катышты.
Уюштуруучулардын бири Таттыбүбү Эргешбаева бийлик эл менен эсептешпей, ар кандай чечимдерди «жабык эшик» артында жүргүзүп жатышканын айтып, аларды ачык диалогго чакырды.
— Азыркы учурда Конституциялык референдум болот деп жатышат. Биз муну кооптуу кырдаал деп санайбыз жана анын арты менен өлкөдө эмнелер болуп кетет, бизге белгисиз. Анткени, бийлик өкүлдөрү эл менен сүйлөшпөй, өздөрү жеке кабинеттерде чечимдерди кабыл алып жатышат. Бул — бүгүнкү күндүн демократиялык принциптерине дал келбеген абал. Ошондуктан биз, көз карандысыз юристтер, бийликти эл менен ачык диалогго барууга чакырып кетебиз, — деди Эргешбаева.
Конституциялык укук боюнча көз карандысыз эксперт Сания Токтогазиева акыркы күндөрү саясий кырдаал опурталдуу болуп жатканын, Жогорку Кеңештин парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн узартып туруу жөнүндөгү мыйзам долбоору Башмыйзамга карама-каршы келерин билдирди.
Токтогазиеванын айтымында, өлкөнү саясий кризистен чыгаруунун негизги жана жападан жалгыз бир гана жолу бар:
— Ушул кризистен чыгуу керек. Анын жападан жалгыз жолу — бул: Конституциянын жана мыйзамдын негизинде кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөзүү. Бул жаатта Боршайкомдун кабыл алган чечими туура жана мыйзамдуу болгон. Ал орган колунан келген аракетти кылды, биз аны ушул кризистен чыгууга күчүн жумшады деп баалайлы. Эгерде шайлоону жылдырып, же азыркы чакырылыштын мөөнөтүн узартсак — бийликтин легитимсиздигин өөрчүтүп, өлкөнү туңгуюкка алып келебиз.
Эксперт ошондой эле Боршайком бүгүнкү күндө легитимдүүлүгү жогору болгон жалгыз конституциялык орган экенин эскертип, азыркы саясий кырдаалда алардын ишине кийлигишүү мыйзамга каршы келерин кошумчалады.
— Боршайком толугу менен азыркы курамында иштеши керек. Анткени азыркы кырдаалдан чыгуу — шайлоону өткөрүү, бул — алардын мойнунда. Бүгүнкү күндө аларга мамлекеттик башка органдардын БШКга болгон мамилесин мыйзамсыз жана кысым катары баалайбыз. Азыр биз БШКнын кадамын толугу менен колдоп, парламенттик кайра шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүшүбүз керек да, андан кийин гана конституциялык реформага барышыбыз керек, — деди Сания Токтогазиева.
Укуктук экперттин бул пикирин Конституциялык палатанын мурдагы төрайымы Клара Сооронкулова да колдойт. Ал: «Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоору Башмыйзамга каршы келет» деген пикирди кубаттап, буга кошумча 28-октябрдан кийин парламенттин легитимдүүлүгү бүтө турганын эскертти.
— Конституциялык мыйзам деген — Конституцияга тете. Андагы мыйзамдарды токтотуп коюу — бул: Конституцияны эле токтотуп койгонго барабар. Ошондуктан Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам Конституцияга карама-каршы келет. Анан бул жерде туура түшүнүү керек: шайлоонун негизги максаты — легитимдүү парламентти түзүү. Азыркы чакырылыштын мөөнөтү 28-октябрда аяктайт, андан кийин кандай чечим кабыл албасын, бардыгы легитимсиз болуп эсептелет. Ал эми кайра шайлоо дегенде да туура түшүнүү керек, бул — жыйынтыгы чыкпай калган ошол шайлоонун эле уландысы болот, — деди Сооронкулова.
Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин, 6-ноябрга чейин кайра шайлоо күнүн белгилей турганын айткан. 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеп, президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү боюнча чечим кабыл алган.
Бирок 22-октябрда Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алып, шайлоо кийинки жылдын биринчи жарым жылдыгынан кечиктирилбей өтөрү белгиленген. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын июнь айына чейин өтпөй турганын айткан. Ал анын себебин конституциялык реформа өткөрүү менен байланыштырган.