Биз менен байланышыңыз

«Семетей» ооруканасында оңдоо иштери 90%га аяктады

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 303 | 0

«Семетей» ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90%га аяктады. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Блоктордун бири 50 орундуу реанимация бөлүмүнө ылайыкташтырылды. Дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, электр зымдарын, флакондорду орнотуу, жандандыруу блогунун кире беришине тамбур коюу жана блоктордун дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо иштери жүргүзүлдү.

Оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлору сатып алынат.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 жана пневмония менен ооругандарга стационардык жардам көрсөтүү үчүн 5006 орун ишке киргизилген, бул жалпы дайындалган орундардан 61%ын түзөт, 39%ы бош турат”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында 8163 орун каралган. Министрлик мониторинг жүргүзүп, зарылчылык болсо адистештирилген саламаттык сактоо уюмдары да тартылат. Кошумча койкалар 80%дан ашык керебеттер толгон учурда ачылат.

26-октябрга карата Бишкектеги ооруканаларда 118 бош орун бар. Алар:

  • Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасында— 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 6;
  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Улуттук госпиталь — 15;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 29;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 20;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;
  • Темир жол ооруканасы — 8;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 9;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 9;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 15.

Кыргызстанда 26-октябрга карата жалпы 56 миң 170 адам коронавирус менен катталган, 1134 бейтап көз жумган, 47 миң 843 бейтап айыгып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM