Биз менен байланышыңыз

Былтыр жолдордун оңдолушу 91% тышкы булактардан каржыланган

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 235 | 0

2019-жылы облустук жана аймактык жолдордун 91 пайыз тышкы булактардын эсебинен оңдолгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Былтыр 39 чакырым тышкы унаа жолу, 72 чакырым айыл ичиндеги чарбалык жол, 15 чакырым республикалык маанидеги унаа жол оңдолгон. Мындан сырткары, «Түштүк транспорт жолу», «Ош-Баткен-Исфана», «Бишкек-Ош», «Талас-Тараз-Суусамыр», «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолдору оңдолуп, калыбына келтирилген.

«Түндүк-Түштүк» жолунун курулушу, ошондой эле «Борбор Азиядагы жол байланыштарын жакшыртуу» долбоору боюнча иштер жана башка башкалар жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда октябрь айынын акыркы жекшемби күнү автоунаа транспорту жана жол чарба кызматчыларынын күнү белгиленет. Быйыл бул күн 25-октябрга туура келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM