Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда миң адамга 158 автоунаа туура келет

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 439 | 0

Кыргызстанда 2019-жылы автоунаа транспорту менен 32 млн тонна жүк ташылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлайт.

Автоунаа транспорту менен жүк ташуулардын 98 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылы жүк ташуунун эң чоң көлөмү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын чарбалык субъектилеринин транспортуна туура келген.

Жүргүнчүлөрдү ташуунун 90 пайыздан ашыгы автоунаа транспортуна (автобустар жана таксилерге) туура келет. Ушундай ташуулардын 90 пайыздан ашыгы жеке ишкерлер (жеке жактар) тарабынан жүргүзүлөт.

2019-жылы жеке жактарга таандык автобустар, микроавтобустар жана таксилер менен 677 млн, же 94 пайыз жүргүнчүлөр ташылган, ал эми атайын автоунаа транспорт ишканалары тарабынан 42 млн. жүргүнчү ташылган.

2020-жылдын башында жеке менчик ээлигинде бир миллиондон ашык жеңил автоунаа болгон, алардын саны 2018-жылга салыштырмалуу 4 пайызга көбөйдү.

Республиканын туруктуу калкынын миңине 158 жеңил автоунаа туура келген. Жеңил автоунаалардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарынын, Чүй облусунун  жана Ош шаарынын жарандарына таандык.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM