Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окуучу акылы менен таң калтырды (видео)

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 1628 | 0

«Интеллект» билим берүү борборунун окуучусу Нурболот Исматиллаев Россия-1 телеканалында «Удивительные люди» программасына катышып, өз талантын көрсөттү. 26-октябрда эфирге чыккан программада 12 жаштагы Нуболот 15 орундуу сандарды бир канча мүнөт ичинде көбөйтүп, акылы менен таң калтырды.

«Интеллект» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Жакшылык Матановдун айтымында, аталган борбордун окуучулары Кыргызстанды дүйнөгө билим менен таанытып келишет.

Өткөн жылы Арсен Рахымбеков (калькулятор бала), Альбина Орозакунова да өз билимдери менен көптү таң калтырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM