Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Инвесторлор үчүн эшигибиз ачык

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 445 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна иш сапары менен барып, Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, социалдык шаарча куруу пландалып жаткан аймак 3 гектарды түзүп, анда бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, эс алуу багы жана мечит болот. Ошондой эле 4 адамдан турган үй-бүлө үчүн төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети үй салынат.

Долбоорду Таалайбек Курткаев атындагы фонддун демилгеси, Катардын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Катар Чарити» кайрымдуулук уюму каржылап жатат. Жакыр үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга көмөк көрсөтүү максатында салынып жаткан үйлөрдү 2022-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

Өкмөт башчы Садыр Жапаров инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын белгиледи.

«Долбоор негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алуусу үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен, аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM