Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч

Кыска кабар | 26 Окт 2020 | 439 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал Баткен облусунун башчысынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

25-октябрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзгөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, токтотууну талап кылышкан.

Маалыматка караганда, азыркы учурда курулуш иштери токтотулду. Эки тараптын тийиштүү мекемелеринин жетекчилери жолугуп, сүйлөшүү жүргүздү.

Copyright © 2017 Maral FM