Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты (видео)

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 3491 | 0

Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Төбө айылында тажиктер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу айыл тургундары «Марал» радиосуна билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишин токтоткон.

— Тажиктер биздин чек арадан түтүк аркылуу суу алып чыгып жаткан жеринен кыргыз чек арачылары келип токтотту. Ага тажик тарап нааразычылык билдирип жаткан. Биз азыр топтолуп турабыз. Жаңжалды басууга отуздай аскер бар, биз да үйдө олтура албайбыз да, — деди айыл тургуну.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы — эгемендикти алгандан бери чечилбей жаткан маселелердин бири. Аны чечүүнү ар бир келген бийлик убада берип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM