Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 миллион сом кетпейт

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 1094 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Ак үйдү оңдоого 450 миллион сом кетет» деген маалыматты  төгүндөдү. Ал Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып, көрүп чыкканын Телеграмдагы каналына жазды.

— Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт, — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан эл 6-октябрга караган түнү президенттин жана парламенттин административдик имаратын басып алып, эшиктерин, ичиндеги компютер, кресло жана башка нерселерин талкалап, бир бөлмөгө өрт коюп жиберген.

Буга чейин айрым депутаттар Ак үйдү оңдоого 450 миллион сомдой каражат кетет деп билдирген. Бул коомчулукта талкууга алынып, депутат Марлен Маматалиев ар кимди өзүнүн бөлмөсүн өзү оңдоого чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM