Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: 20-декабрда шайлоо болбойт

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 752 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 20-декабрда парламенттик кайра шайлоо болбой турганын билдирди.

Анын айтымына караганда, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, андан кийин конституциялык реформа жүрүп, референдум болот. Андан кийин гана Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү белгиленет.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген эле. Бирок, Жогорку Кеңеш 22-октябрда «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзам кабыл алып, жаңы парламент келгенче акысыз иштөөгө макул болушкан. Аталган мыйзамга ылайык, конституциялык реформа жүргүзүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.
Ошондой эле Биринчи май райондук соту Боршайкомдун парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген чечимин жокко чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM