Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Өлкө жетекчилери жаңы кыйроолорго жол бербеши керек

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 507 | 0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус өлкө жетекчилерине кайрылуу жасады. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Тедрос Гебрейесус алдыдагы бир нече ай өтө оор болорун, анын алдын алып даярдануу зарылдыгын, өлкө жетекчилери жаңы кыйроолорго жол бербеши керектигин айткан.

— Биз COVID-19 пандемиясынын оор чегинде турабыз, өзгөчө түндүк жарым шарында. Алдыдагы бир нече ай абдан кыйын болот, ал эми бир катар өлкөлөр кооптуу багытта баратат. Өтө көп мамлекет COVID-19дун учурларынын экспоненттүү өсүшүнө дуушар болду. Бул азыр ооруканалар менен интенсивдүү терапия бөлмөлөрү мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатканына алып келүүдө. А бирок учурда болгону октябрь айы гана, — деди ДССУ башчысы.

Кыргызстанда октябрь айынан тартып COVID-19 инфекциясын жугузуп алгандар көбөйдү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, буга санитардык эрежелердин сакталбаганы, адам көп топтолгон жыйындардын, той-мааракелердин көп өтүп жатканы себеп болууда. Акыркы суткада 606 жаран жуктуруп, алардан жалпы саны 55 миң 750гө жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM