Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун чет өлкөгө алгачкы иш сапары Орусиядан башталат

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 822 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Орусиядан баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Телеграм каналына жарыяланды.

Маалыматта кайсы күнгө пландалганы айтылган эмес. Буга чейин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да Орусияга расмий сапар менен барып, кесиптеши Сергей Лавров менен эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу талкуулаган.

Copyright © 2017 Maral FM