Биз менен байланышыңыз

Эркин Асрандиев: Аброю шектүү адамдын кол астында иштей албайм

Кыска кабар , Саясат | 25 Окт 2020 | 1823 | 0

Мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев техникалык өкмөттүн катарынан чыгып кеткенинин себебин Фейсбук баракчасына жазды. Анын мындай чечимге келишине өкмөт башчы Садыр Жапаровдун шектүү кадамдары түрткү болгонун билдирген.

Асрандиев 2010-жылы болуп өткөн апрель окуясынан көп өтпөй, 2013-жылы «Ысык-Көл» инвестициялык банкынын консерватору болуп кызматка орношкон. Ошол убакта аталган банктын «Азия Универсал Банк», «Манас Банк» жана башка банктар менен биргеликте жасалган мыйзамсыз операцияларын көргөнүн маалымдады.

Бул операциялар Максим Бакиев жана анын жакындарына тиешеси бар экенинен шегим жок. Мунун баары Райкүл Жапарованын кол алдында болгон, Садыр Жапаров бул тууралуу билбей калган эмес деп ойлойм. Ал Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана коррупциянын алдын алуу агенттигинин жетекчиси болгон. Мен аброю шек жараткан адамдын кол астында иштей албайм, — деген Асрандиев.

Ал сөзүнүн аягында бул кайрылуу эч кандай саясий кызыкчылыкты көздөбөй турганын, жеке өзүнүн гана пикири экенин кошумчалаган.

Эркин Асрандиев 2017-жылы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп эмгектенген. Ал ушул жылдын башында вице-премьер-министр болуп дайындалып, төңкөрүштөн кийин куралган өкмөттүн катарында иштөөдөн баш тарткан.

Экс-вице-премьер белгилеген Райкүл Жапарова үстүбүздөгү жылдын май айында «Интерпол» тарабынан Польшадан кармалган. Жапаровага «Ысык-Көл» инвестициялык банкын рейдерлик жол менен басып алган деген күнөө тагылып, «акча адалдоого катышкан», «алдамчылык» жана «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдлануу» беренелери боюнча айыпталып, 10 жылга сыртынан соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM