Биз менен байланышыңыз

Нурмагомедов жеңишке жетип, карьерасын жыйынтыктады

Кыска кабар | 25 Окт 2020 | 787 | 0

24-октябрь түнү орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гетжи менен беттешип, жеңишке жетти. Ал Гетжи менен болгон беттешин спорттук карьерасындагы акыркы таймаш экенин жарыялады. Мындай чечимге апасынын суранычынан улам келгенин жашырган жок.

— Ата-энеңерди көзү тирүүсүндө сыйлагыла, менде алардын бирөө эле бар: ал — апам. Мен мындан ары көбүрөөк убактымды апам менен өткөрөм — деди Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедов (Бүркүт) UFC беттешинде 29 беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилген эмес. Спорт серепчилери Нурмагомедовдун Гетжи менен болгон беттеши карьерасындагы эң кыйын каршылаш болорун айтып келишкен. Эми Хабиб Нурмагомедов UFC тарыхында жеңилгис мушкер болуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM