Биз менен байланышыңыз

Салянова: Жогорку Кеңештин азыркы кылыгы — узурпация жана кооптуу прецедент

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1407 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын иштөө мөөнөтү 28-октябрда бүтөрүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, парламенттин мөөнөтү Конституцияда 5 жыл деп так көрсөтүлгөн. Андан бир да күн ашпашы керек. Элге өзүн-өзү дагы жарым жыл таңуулоо накта узурпация болуп эсептелет.

«Кеп айлыкта эмес, кеп мандатта. Эл берген мандаттын мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. 29-октябрдан баштап элдин атынан чечим чыгарууга силерде укук жок. Демек, конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр — Башмыйзамга каршы. Бул жалпы мамлекеттин аброюна доо кетире турган кадам экени айтпаса да түшүнүктүү. Өз эли менен эсептешпеген бийлик, бөтөндүн ишеничине арзыйбы? Ушуга даай алгандарга таң калам», — деп жазды Салянова.

22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы бул мыйзамды кабыл алууга бир катар жагдайлар, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал шарт түзгөнүн билдирген.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат. Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Жапаров 23-октябрда Телеграм каналы аркылуу алдыдагы шайлоолор мартка чейин бүтөрүн билдирди.

Садыр Жапаров: Катуу бут тосуулар болуп жатат

Салянова конституциялык мыйзамга Жапаров тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга каршы келет жана өлкөнүн аброюна доо кетирет деп эсептейт. Ал болуп жаткан окуяны «өтө кооптуу прецедент» деп атады.

«Балким, президенттик мөөнөт да ушундай жол менен узартыла турган күн келет», — дейт Салянова.

«Кийин «президенттин да иш мөөнөтүн ушундай узартып койсо боло берет экен» деген күн келип калышы толук мүмкүн. Жапаровдун колдоочулары, жоопкерчиликке келгенде сиздер жооп бербейсиздер! Аны чын дилиңер менен колдосоңор, тескерисинче, аны аяп, кооптуу нерседен алдын ала коргоп калбайсыздарбы! Мыйзамсыз нерсе кабыл аларда, президенттер эч качан жоопкерчилик жөнүндө ойлогон эмес, алар түбөлүктүүбүз дешкен. Бирок андай болбосун тарых бир нече жолу тастыктады. Азыркы парламентти 5 жыл бою президенттер жакшы эле колдонуп келишти. Эми ал аз келгенсип, бизди дагы жарым жыл колдонуп алгыла деп макул болгонуңар өзүңөргө жийиркеничтүү эмеспи? Легитимсиз парламент легитимдүү чечимдерди жарата албайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Узурпация — бийликти күч менен басып алуу, ашыкча милдеттерди ыйгарып алуу же болбосо бийликтин мөөнөтүн өзүм билемдик менен узартып алуу дегенди түшүндүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM