Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Катуу бут тосуулар болуп жатат

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1736 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Телеграм каналы аркылуу алдыдагы шайлоолор мартка чейин бүтөрүн билдирди.

Ал учурда жасалып жаткан иштери элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатканын айтып, 30 жылдан бери эл талап кылган иштер сөзсүз жүзөгө ашырыларына ишендирди.

Жапаровдун билдирүүсүндө ага катуу бут тосуулар болуп жатканы, бирок Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынары айтылды.

«Парламент июнга чейин отурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин отурат экен деп, «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот», — дейт Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM