Биз менен байланышыңыз

Жаңжалдан жабыркагандардын айрымдары чет өлкөдөн дарыланууга муктаж

Ден соолук , Коом | 23 Окт 2020 | 544 | 0

5-октябрдагы нааразычылык акциясында күч органдары менен митингчилердин ортосундагы кагылышууда жаракат алган 20 бейтап стационардык дарыланууда жатат. Алардын көпчүлүгү оор жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 5-октябрдан ушул күнгө чейин митингдеги башаламандык учурунда жабыркаган 1250 киши кайрылган. Алардын ичинен бир жаран каза болуп, калганы стационардык жана амбулатордук дарыланууга жаткырылган.

Улуттук госпиталга күч органдарынын кызматкерлери колдонгон куралдан жабыркап, 8 адам кайрылган. Алардын көбүнө резина ок жана гранатанын чачырандысы тийгенин госпиталдын бөлүм башчысы Алмаз Кулназаров маалымдады.

— Бизге биринчи күнү митингден жабыркаган 8 адам кайрылды. Андан кийинки күндөрү да кайрылып жатышты, алардын көбү резина октон же гранатанын чачырандысынан жабыркагандар экен. Төртөөсүн стационардык дарыланууга жаткырган болчубуз, кечээ сакайып, үйлөрүнө чыгарылды, — деди Кулназаров.

Ошол эле күнү Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 600гө жакын киши келип түшкөн. Травматология борборунун маалымат катчысы Назгүл Курамаева митингден жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн 500гө жакынына жеңил жана оор операция жасалганын билдирди.

— 5-октябрдагы башаламандыкта Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 600гө жакын жаран кайрылган. 90 бейтап ооруканага жаткырылган, алардын 14ү бүгүнкү күнгө чейин дарылануусун улантып жатат, бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы оор. Жалпы жонунан 500гө жакын бейтапка жеңил жана оор операция жасалган, — деди Курамаева.

Дарыгер Бакытбек Исаков абалы оор делген жарандын башы жарылганын айтты. Ал эми калган 14 бейтаптын талылуу жерине таш, резина ок тийгендиктен, бүгүнкү күнгө чейин дарылануусун улантып жатат.

Бизге кайрылгандардын көбү резина октон, таштан жабыркаган. Арасында жөн эле жыгылып кетип, бир жерин сындырып алгандар да бар. Азыркы учурда жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптын абалы абдан оор. Анын башы жарылып, мээси чайкалып, кан куюлуп кеткен, — деди Исаков.

Ал эми кагылышууда жаракат алган ички иштер кызматкерлеринин 176сы ИИМдин бейтапканасында жана шаардык ооруканаларда дарыланып жатканын аталган органдын маалымат катчысы Адинай Жаңыбаева «Маралга» билдирди.

Массалык башаламандыкта коомдук коопсуздукту камсыздоо учурунда жабыркаган ички иштер органдарынын 626 кызматкери жарадар болгон. Анын ичинен 176 кызматкер ИИМдин бейтапканасында жана Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып, калгандары амбулатордук дарыланууга жиберилген, — дейт маалымат катчы.

Ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын айрымдары чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж. Аларга мамлекет тараптан жардам болор-болбосу жөнүндө өкмөттөн жооп алууга мүмкүндүк болгон жок. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптардын дарылануусу жана дары-дармеги мамлекет тарабынан акысыз болуп жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM