Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Кара-Балта жолун аяктоо мөөнөтү дагы жылды

Кыска кабар , Экономика | 22 Окт 2020 | 568 | 0

Ош-Бишкек унаа жолунун IV фазасына кирген Кара-Балта-Бишкек жолунун курулуш иштери 66%га аткарылды. Ал 2017-жылдын апрель айында башталып, 2020-жылдын апрель айына бүтүрүү пландалган. Бирок, долбоордун сметасында каралбаган иштер, ошондой эле жол жээгинде жашаган жай тургундардын нараазычылыгы тоскоолдук жаратып, айтылган убакыттан бир топ создуктуруп койгонун башкы менежердин жардамчысы Джан Лян маалымдады.

— Бул долбоор 2017-жылдын 3-апрелинде башталган. Биздин жумуш виратордук жабдуулар менен жасалгандыктан, жолго жакын үйлөрдүн айрымдарынан жарака кетти. Мындан улам айыл тургундары нааразы болуп, аргасыз ишти токтотууга туура келди. Учурда вибратордук жабдууларды колдонбой иштеп жатабыз. Мындан тышкары жерди казганыбызда «Кыргызтелекомго», интернет-провайдерлерге тиешелүү зымдар, кабелдер чыгып, алар да колду бир топко кармады, — дейт Джан Лян.

Унаа жолдун 15-километринен башталган асфальт басуу иштери 45 километрге созулуп, ишти аткарууга Азия өнүктүрүү банкы 70 млн 240 миң АКШ долларын бөлүп берген. Аны кытайлык «ЧайнаРэйлУэй» компаниясы колго алган. Бекитилген долбоордо асфальттын жалпы калыңдыгы 23 сантиметрге жетип, 7 көпүрө салуу, 671 жаңы курулма куруу, 114 аялдама тургузуу, 6 жаңы жер өтмөк салуу, троутар жана 4 жер өмтөктү оңдоп-түзөө иштери да киргизилген.

Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жолчу инженери Султан Сарбагышевдин айтымында, ишти аяктоого кошумча 247 күн суралууда. Министрлик бул мөөнөттү бекитип берсе, 2021-жылдын июль айына бүтүп калат.

— «247 күнгө узартып бергиле» деп жатабыз. Эгер ошол мөөнөттү бекитип берсе, кийинки жылдын июль айына бүтүп калат. Жалпы жонунан алганда, алдыңкы катмары 40 километрге чейин, үстүңкү катмары 25 километрдей төшөлүп, бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жумушка 40 миллион АКШ доллары сарпталды, — деди Сарбагышев.

Долбоорду көзөмөлдөгөн компания быйылкы ишин май айында баштамак. Пандемия шартына байланыштуу Кыргызстанга келалбай калышканын, август айында келишкенин «Temelsu Consulting» компаниясынын менеджери Махмуд Недин Алтай билдирди.

— Бул ишти көзөмөлдөөнү май айында колго алмакпыз. Бирок, пандемия шартында эл аралык аба каттамдары жүрбөй, ишибиз бир топко кармалып калды. Май айында келишибиз керек эле, тилекке каршы август айында гана келе алдык. Азыр деле ишибизди улантууга жакшы аба ырайы болуп турат. Абанын табы 11 градустан төмөндөп кетпесе эле, биз асфальт төшөөнү улантабыз. Эгер суук түшкөндө асфальт төшөй турган болсок, анда ишибиз оң натыйжасын бербей калат, — деди Махмуд Недин Алтай.

Транспорт жана жолдор министрлинин айтымында, өлкө ичинде стратегиялык мааниге ээ жолдордун катарында бир топ участоктордун курулуш иштери жүрүп жатат.

— Бул жол стратегиялык жолдордун бири болуп саналат. Ушул жолдо автоунаалардын кыймылы көбөйгөндүгүнө байланыштуу калып калган илгери, эми жасалып бүтүп жатат. Андан сырткары Жалал-Абад-Маданият жолу, Ош-Баткен-Исфана жолу жана Түндүк-түштүк альтернативдик жолу салынып жатат. Ошондой эле ушул ири долбоорлордон үнөмдөлгөн каражатка майда участоктор, Талас-Тарас-Суусамыр, Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунун тротуардык иштери бүткөрүлүп жатат, — деди минстрликтин маалымат кызматынын жетекчиси.

Эске салсак, Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу «Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтыгынын 3-коридорун жакшыртуу» максатында ишке ашып жатат. Ага Азия өнүктүрүү банкы 70 млн 240 миң доллар бөлүп берген.

  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM