Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң күчтүү аскер кемеси пайдаланууга берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 565 | 0

Дүйнөдөгү эң күчтүү аскер кемеси пайдаланууга берилди.

Ага байланыштуу өткөрүлгөн аземге Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин катышты.

«Арктика» «22220» долбоорунун аскер кемеси категориясына кирет. Бул кемелер — дүйнөдөгү эң күчтүү кемелер катары саналат. Алар — калыңдыгы 3 метрге чейинки муздарды сындырып, жол ача алуу кубатына ээ.

«Арктиканы» жасоо боюнча келишим 2012-жылы түзүлүп, 37 миллиард рубль бөлүнгөн.

Кеменин узундугу — 173,3 метр, туурасы — 34 метр жана суу сыйымдуулугу — 33,5 миң тонна. Дагы ушундай 5 кеме жасоо пландаштырылууда.

Кеме сыноолор учурунда 3 жуманын ичинде 4800 деңиз милин басып өтүп, Түндүк уюлга жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM