Эртең, 22-октябрда Бишкектин эки конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, кышка даярдык көрүүнүн алкагына «Контррезервуар» суу кампасында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Ага байланыштуу 22-октябрда саат 09:00дөн 18:00гө чейин «Алтын Ордо» жана «Полицейский городок» конушунда таза суу өчүрүлөт.