Биз менен байланышыңыз

22-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 299 | 0

23-24-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

Эртең, 22-октябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан, толуу аймактарга кар түшөт.

Жалал-Абад облусунун аймактарында жаан жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17;

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;

Баткенде түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +11…+16.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир учурда 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы түнкүсүн  +5…+7, күндүз +15…+17 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM