Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасы былтыркыдан кымбат

Экономика | 21 Окт 2020 | 1003 | 0

Кышка жакын көмүр кендери кара алтындын баасын өткөн жылдарга салыштырмалуу жогорулатты. Эгерде бул баа дагы жогорулап, же ушул бойдон кала турган болсо, өкмөттүн көзөмөлгө алуу чечими боюнча Монополияга каршы күрөшүү агенттиги иш алып барат.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын аймактарында көмүрдүн баасы 2500 сомдон баштап 5800 сомго чейин болууда. Мисалы, Бишкек шаарында көбүнчө Кара-Кече кенинен ташылган көмүргө болгон талап жогору.

Бишкек шаарында көмүр саткандардын бири Мелис азыркы учурда көмүр алып баштагандар көбөйгөнүн, аны суук түшүп калганы менен байланыштуу экенин айтат. Ал кышка жакын көмүр сатуу менен алектенет. Анын айтымында, быйыл көмүргө болгон баа жылдагыга караганда кымбаттап жатат, мисалы былтыр тоннасын 3500 сомго чейин сатып алып жүргөн болсо, быйыл 3800-4000 сом болуп жатат.

— Тигил жакта 4000 сомго чейин чыгып кетти. Биз алып келип, мүшөккө салып ар бирин 200 сомдон сатабыз. Кымбаттаса дагы, арзандаса дагы мүшөгү 200 сом. Бааны көтөрөйүн десең эл чыдабайт, мисалы, 2-3 жыл мурун тоннасын 2800 сомдон алсак, азыр 3800 сомдон алып жатабыз, а биз сатып жаткан баа ошол эле бойдон, — дейт Мелис.

Алар Кара-Кече кенинин Беш-Сары карьеринен көмүр алып келишет. Кара алтынды башка аймактардан же коңшу Казакстандан алып келсе, кымбатка түшө турганын айтат. Ал эми азыр көмүр сатып алып жаткандардын арасынан алдыдагы күтүлгөн аба ырайына даярдык көргөндөрү да бар.

— Азыр убактылуу эле 10 каптай сатып алып турайын, жума аягы жамгыр деп атат го. Негизи, жылына 5 тоннадай көмүр жагам, көп келбей жатат окшойт, бир аз арзандап калса эле бир сатып алып коебуз, — дейт кардар.

Быйылкы жылы негизинен элди жана мамлекеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоодо маселе жаралган жок. Бүгүнкү күнү план боюнча канча тонна көмүр керек болсо, анын 90%ы жеткирилип, кышка даяр. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Отун ресурстары башкармалыгынын башчысы Ибрагим Мусаев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 710 отун ресурстарын сатуу жайлары ачылган. Ал эми калкка керектелүүчү көмүр бүгүнкү күнү жеткиликтүү:

— Азыркы учурда бюджеттик керектөөчүлөргө бүгүнкү күнү 142,6 миң тонна жеткиришибиз керек болсо, биз 143,8 миң тонна жеткирдик. Ал эми жалпылап алганда, бюджеттик керектөөчүлөргө кыштан чыгууга 241,3 миң тонна пландалган, калганы да өз убагында жеткирилет. Андан сырткары, калкка күз-кыш мезгилине 1,1 миллион тоннадай керектелет. Азыркы учурда 463,5 миң жеткирилип, бүгүнкү күнгө 520 миң керек болгон болсо, анын 89% ы аткарылды.

Ал эми көмүрдүн баасын жөнгө салууга даяр экенин билдирген Монополияга каршы күрөшүү агенттиги өкмөттүн токтому гана керек экенин, токтом долбоору өкмөткө киргенин айтат. Агенттиктин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү өлкөдө көмүрдүн орточо баасы 4220 сомду түзөт. Баткенде, Ош облустарында — 5000-5100 сом, Жалал-Абадда — 2500-5800 сомго чейин болуп жатат. Ал эми борбор калаада 4000-4200 сомду түзүп жатат. Бул көрсөткүчтөр былтыркы мезгилге салыштырмалуу 300-500 сомго кымбат.

Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов «Маралга» буларды айтты:

— Айтып кетсек, былтыр ушул кезде, 21-октябрда Бишкекте жергиликтүү көмүр 3500-3800 сомду түзсө,  ошондо былтыркыга караганда 300-500 сомго кымбат болуп атат. Мамлекет тарабынан көзөмөлдөөчү рычагдар бар, анда көмүр социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине кирген. Биз азыр Экономика министрлиги менен чогуу иш барып барып жатабыз, өкмөттө көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу боюнча токтом долбоору да кирген. Эгер өкмөт токтом кабыл алса, биз көмүргө болгон бааны бекитип, көзөмөлдөйбүз, — деди Сагын Маматоморов.

Нарындагы Жумгал районунда жайгашкан Кара Кече көмүр кенинде мындан бир ай мурун тоо көчкү болгон. Кийин, 5-октябрдан кийинки башаламандыктарда көмүр кенин бирөөлөр басып алганы да айтылган. Аталган кенден миллион калкы бар Бишкектеги ЖЭБге «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы көмүр жеткирет. Ишкана азыркы учурда кенде абал туруктуу деп билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM