Биз менен байланышыңыз

Жапаров мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди (тизме)

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 10894 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга бир нече тапшырмаларды берип, токтом чыгарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул токтом өлкөдөгү коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу жана мамлекеттик, коомдук институттардын талаптагыдай иштешин камсыздоо максатында кабыл алынды.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, төмөнкүлөрдү токтом кылат:

Укук коргоо органдарын, сотторду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошо алганда, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери карамагындагы органдардын штаттык режимде иштешин камсыз кылсын;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

-Аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тикелей милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн, зарылдыгына жараша күнөөлүү болгондорду белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартсын;

-Жасалган иштери жөнүндө жума сайын маалымат берип турсун;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

-Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иштерди активдештирсин;

-Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын катышуусу менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салынсын;

-Ички иштер министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын катышуусу менен менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүүсүн жана (же) жеке жактар менен уюмдарга таандык капиталды мыйзамсыз башкарууну кошо алганда, өлкөдө криминалитет менен күрөшүү жана кылмыштуу топтордун  ишине тыюу салуу  боюнча иштерди күчөтсүн;

-Улуттук банк Өкмөт менен биргеликте коммерциялык банктардын туруктуу иштешин жана каражаттарды которууну ишке ашырууну камсыздасын, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууларга бөгөт койсун;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

-Мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербестен, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды ыкчам тартипте көрсүн;

-Чакан жана орто бизнести коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун үстүндө иштөөнү активдештирсин;

-Өлкөдө дүйнөлүк чакырыктарды шайкеш кабыл алууга жана чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиктерин алдын алууга багытталган экономиканын түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизсин;

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттыкты сактоо жаатында адистешкен коомдук уюмдардын катышуусунда коронавирус оорусун калк арасында жайылтпоо боюнча иштерди күчөтсүн; өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрсүн, коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды аныктоочу жана аларды дарылоочу медициналык мекемелерди каржылоону үзгүлтүккө учуратпастан аталган максаттарга бюджеттен жетиштүү каражаттарды бөлүп берсин;

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM