Биз менен байланышыңыз

Түлеевдин кызматка келиши мыйзамдуубу?

Кыска кабар , Саясат | 20 Окт 2020 | 330 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалымат жыйын өткөрүп, анда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, мындай чечимге келүүсүнүн себеби парламенттик шайлоого аттанып жатканынан улам экенин маалымдады.

Суракматов ошондой эле өзүнүн аткарган жана алдыда пландалган иштери боюнча сүйлөп, аткарылбай калган долбоорлорду мэрдин милдетин аткарууга киришип жаткан Нариман Түлеев улантып кетерине ишенерин жашырбады.

— Биздин команданы колдоп, иштерибизге баа берип келген шаардыктарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Дээрлик көпчүлүгү пандемия шартына туш келген бул эки жылдан ашык убакытта ченелүү гана иш кыла алдык. Албетте, биз мындан да көп нерсени кылсак деген планыбыз бар эле. Бирок, кырдаал ушундай болуп турат. Мен жеке өзүм Нариман Ташполотовичтен кызматка келүүсүн сурандым. Бул киши менен 2008-2010-жылдары мэр болуп турганда иштешип калганбыз, мыкты менеджер, уюштуруучу, — деди мэр.

Ал эми Нариман Түлеев Суракматовдун кылып кеткен иштери мактоого аларлык экенин айтып, ыраазычылык билдирди.

— Азиз Эмилбековичке жана анын командасына ырахмат. Командасы жакшы иштеп келди, мындан кийин да ишин улантат. Биз биргеликте мурун пландалган иштерди аткарабыз. Биздин иштер ар бир шаардык үчүн  ачык-айкын болот, — деди Түлеев.

Мындан тышкары Суракматов өзү суранып кызматка алып келгенин, кризистик абалдан чыгууга жардам берүүсүн өтүнгөнүн, мындан ары шаардыктарды кылган иштери менен канааттандырарын, эгер андай болбосо, кызматтан кетерин кошумчалады.

Ошол эле учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов Суракматов шаар башчылык кызматынан 5-октябрда эле кеткенин, анын Түлеевди вице-мэр кылып дайындаганы мыйзамсыз аракет экенин, мэриянын бул кадамы шаардык кеңештин жыйынында карала турганын айтты.

 — Мурдагы мэр арызын жазган. Аны ЖМКлар да жарыялаган. Мэр отставкага кетип, кайра келип, кантип вице-мэрди дайындай алат, бизге түшүнүксүз. Бул мыйзамга туура келбеген аракет, — деди Аматов

Эске салсак, Нариман Түлеев 2008-жылы Бишкек шаарынын мэри кызматына шайланган.  2010-жылдагы «Апрель» революциясынан кийин кызматтан кеткен. 2012-жылы ага «коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 2013-жылы 11 жылга камакка алуу боюнча соттун өкүмү чыккан. Бирок 2016-жылы айып пул төлөп, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM