Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Мелис Мырзакматовду актады

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 502 | 0

Жогорку Сот Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча материалдарды карады. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Жогорку Сот Мырзакматовго карата чыгарылган соттун чечимин жокко чыгарды.

Буга чейин Башкы прокуратура Мырзакматовду актоону өтүнгөнү айтылат.

16-октябрда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовго козголгон иштин курамында кылмыштын белгилери жок болгондуктан, аны актаган чечим чыгарган.

Ошол эле күнү бул ишти Ош облустук соту да карап, чечимди күчүндө калтырган.

19-октябрда Жогорку Сот буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды.

Мелис Мырзакматов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айыпталган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Мырзакматов Кыргызстанга 7-октябрда келген.

Copyright © 2017 Maral FM