Биз менен байланышыңыз

Ноябрда төрт күн катары менен эс алуу болот

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 1586 | 1

Кыргызстандын жарандары ноябрь айында 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкөдө  7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күндөр ишемби жана жекшембиге туура келгендиктен Эмгек кодексине ылайык, дем алыш күндөрү автоматтык түрдө дүйшөмбү жана шейшемби (9 жана 10-ноябрь) күндөрүнө жылдырылат. Мындан улам 7,8,9 жана 10-ноябрь күндөрү эс алуу күн деп жарыяланат.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү президенттин жарлыгы менен 2017-жылы бекитилген. Өкмөт тиешелүү токтомду 2018-жылдын аягында кабыл алган.

1 пикир

1 пикир

  1. Медербек

    19.10.2020 22:20

    Жанылануу жолун карай Алга,Кыргыз элим

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM