Биз менен байланышыңыз

Тез жардам унааларын сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 760 | 0

Финансы полициясы Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Газель Соболь» (10 унаа) жана «Форд Транзит» (3 унаа) үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын кымбат баада сатып алуу фактысы аныкталган.

Учурда аталган факт иликтенип, жогорку кызматтагы адамдардын ага тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.

Быйыл июль айында Саламаттыкты сактоо министрлиги 13 Тез жардам унаасын кымбат баада сатып алган. Ага жалпы 764,9 миң доллар сарпталган.

Бул коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM