Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров президенттик шайлоого барар-барбасын айтты (видео)

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 1448 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Россия-24» телеканалына маек берип жатып, президенттик шайлоого катышар-катышпасын айткан.

Садыр Жапаров эгер шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилсе, президенттик шайлоого катышууга укук берилерин белгилейт. «Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча парламент иштеп жатат, бирок азырынча бул жөнүндө айтууга эрте», — деген Жапаров.

Кыргызстандын азыркы Башмыйзамына ылайык, президенттин милдетин аткарып жаткан адам президенттик шайлоого катыша албайт.

Жапаров ошондой эле Орусия Кыргызстан үчүн негизги стратегиялык өнөктөш бойдон каларын, Бишкек Москва алдындагы милдеттерин аткара берерин да кошумчалап өткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM