Биз менен байланышыңыз

Шайиста Шатманова «ЭлТР» телеканалынын башкы директору болду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 819 | 0

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Керимбек Калыкулов кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Керимбек Калыкулов «ЭлТРдин» башкы директорлугуна 2020-жылдын 13-январында дайындалган.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен Шайиста Шатманова «ЭлТР» телеканалынын башкы директору болуп дайындалды.

Шайиста Шатманова буга чейин «Сырдуу дүйнө» гезитинин кабарчысы, «Супер-Инфо» гезитинин кабарчысы, башкы редактору, «Компьютер-пресс» ЖКЧсынын директору кызматтарын аркалап келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM