Бишкекте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Алар:
— Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы – 100 орун;
— Кыргыз-түрк достук ооруканасы – 70 орун;
— Шаардык клиникалык ооруканасы – 92 орун;
— Улуттук госпиталь – 80 орун;
— Улуттук фтизиатрия борбору – 38 орун;
— Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 30 орун;
— Улуттук онкология жана гематология – 10 орун;
— Улуттук хирургия борбору – 15 орун;
— Улуттук кардиология жана терапия борбору – 50 орун;
— Темир жол ооруканасы – 56 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйү (КРД№2) – 20.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча жалпы 561 орун даярдалды.
Кыргызстандагы COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптарды кабыл алган стационарлар тууралуу маалымат ( дареги жана байланыш телефондору, бош орундардын жалпы саны, медкызматкерлердин саны, ИВЛ аппаратынын саны) map.covid.kg. сайтында жайгашкан.