Биз менен байланышыңыз

Досалы Эсеналиев ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 457 | 0

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Досалы Эсеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 19-октябрда кол койгон.

Маалыматтарга караганда, экс-президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрдагы жарлыгы менен Досалы Эсеналиевди Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугуна дайындаган.

Досалы Эсеналиев Президенттин аппаратын 2018-жылдын август айынан бери жетектеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM