Биз менен байланышыңыз

Сүйүнбек Касмамбетов Президенттин аппаратынын жетекчиси болду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 446 | 0

Сүйүнбек Касмамбетов Президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Сүйүнбек Касмамбетов буга чейин Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Президенттин аппаратын буга чейин Досалы Эсеналиев жетектеген.

19-октябрда Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев кызматынан бошотулду.

Алмаз Кененбаев экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2018-жылдын 17-августунда Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM