Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 588 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Анда Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекциянын калкка жана ишкерлерге тийгизген таасири, аларга бериле турган жардамдын жагдайлары талкууланды.

Садыр Жапаров банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоону, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартууну тапшырды.

Ал  Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча операцияларын өз учурунда ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM