Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун буйругу менен Алмаз Кененбаев кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 1446 | 0

Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайты жазды.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматта Алмаз Кененбаев Президенттин Аппаратынын жетекчиси деп жазылган. Бирок ал бул кызматка ким тарабынан жана качан дайындалганы белгисиз.

Алмаз Кененбаев экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2018-жылдын 17-августунда Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM