Арменияда ыктыярчылардан түзүлгөн аскер отрядына жүз аял катталып, алдыңкы сапта барууну каалаганын Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Ованнисян билдирди.
«Наре Сюни менен Наре Хлгатян аялдардан турган отряд түзүшкөн, ага 100 адам катталган», — деп жазган Ованнисян «Фейсбуктагы» баракчасына.
Буга чейин Хлгатян Өкмөттөн аялдар тобун «мекенди коргоочулардын катарына» кошууну өтүнгөнүн билдирген. Анын айтымында, отрядга 21 жаштан жогорку физикалык даярдыгы бар аялдар жана кыздар кошула алышат. Курал-жарактарды колдоно алган аялдарга артыкчылык берилет.
Тоолуу Карабахта 27-сентябрда армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Аталган аймакка ээлик кылууну талашкан Армения менен Азербайжан бийлиги карапайым калктын өлүмү үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө.
Тоолуу Карабахтын борбору Степанакерттин тургундары артиллериялык аткылоолордон жабыркап жатышат. Буга Азербайжан тарап макулдашууну бузду деп Арменияны күнөөлөдө. Ал эми Армениянын аскерлери бул аймакка ок чыгарганын четке кагууда. Орусия, АКШ жана Франциянын лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана алдын-ала шартсыз сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.
9-октябрда Азербайжан менен Армениянын Тышкы иштер министрлери Орусиянын президентинин чакыруусу боюнча Москвага келишип, орусиялык кесиптеши менен биргеликте 10 сааттан ашык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада, Ереван менен Баку 10-октябрда түштөн баштап Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотууга, туткундарды жана каза болгондордун сөөктөрүн алмашууга, ошондой эле элдешүү боюнча кошумча макулдашышкан. Бирок, ошол эле күнү тараптар ок атышпоо келишимин бузду деп бири-бирин айыптай башташкан.
Эске салсак, 1988-жылы Тоолуу Карабах автономиялык облусунун Азербайжандан бөлүнүү аракетинен улам башталган Карабах чуусу ушул кезге чейин токтой элек. 1991-жылкы куралдуу кагылыштардан кийин Азербайжан аймакка өкүмүн жоготуп, Тоолуу Карабах Республикасы түзүлүп калган. 1994-жылы Минск келишими боюнча куралдуу кагылыштар соңуна чыгып, сүйлөшүүлөр жүрүп келүүдө. Ошол кезде 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек.
Карабахтын эгемендигин колдогон Армения жана ага каршы болгон Азербайжандын ортосундагы солгун мамиле бүгүнкү күндөгү кандуу чырга жеткирди.