Биз менен байланышыңыз

Нурлан Мамытов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болду

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 425 | 0

Нурлан Мамытов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Жаңы жетекчини фондго биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырды.

Буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп Азиз Аалиев иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM