Нурлан Мамытов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Жаңы жетекчини фондго биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков тааныштырды.
Буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп Азиз Аалиев иштеген.