Биз менен байланышыңыз

Салык төлөөчүлөргө бир катар жеңилдиктер каралды

Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 713 | 0

Мамлекеттик салык кызматы салыктарды, санкцияларды, айып пулдарды төлөөнү жеңилдетүү боюнча бир катар шарттарды иштеп чыкканын кабарлап, салык төлөөчүлөрдү жана карызкорлорду аталган жеңилдиктен пайдаланып калууга чакырды.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 14-августунда кабыл алынган «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамга ылайык, салыктарды, туумдарды, айып пулдарды төлөөнү 2021-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Эми салык төлөөчүлөр жана карызкорлор 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн төгүмдөрүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин төлөсө, 100 пайыздык жеңилдик, 2021-жылдын 31-декабрына чейин төлөсө, 50 пайыздык жеңилдик ала алышат.

Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.

Белгилей кетсек, аталган өнөктүк салык төлөөчүлөрдүн каржылык-экономикалык абалын турукташтырууга жана колдоого алууга мүмкүндүк берет.

Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM